Бишкекте чекене сооданын ар бир тургунга туура келген көлөмү 269 миң сомдон ашты
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь

Бишкекте чекене сооданын ар бир тургунга туура келген көлөмү 269 миң сомдон ашты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстанда коомдук тамактануу ишканаларын кошкондо, чекене сооданын ар бир тургунга туура келген көлөмү 120 миң 397 сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч Бишкек шаарында республикалык орточо деңгээлден кыйла жогору болду.

Тактап айтканда, борбор калаада бир тургунга 269 миң 344 сомдон чекене соода туура келген. Ош шаарында бул көрсөткүч 161 миң 409 сомду, Чүй облусунда 154 миң 188 сомду түздү.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында коомдук тамактануу ишканаларын кошкондогу чекене сооданын жалпы көлөмү 901,4 млрд сомго жетти.

Анын ичинен 434,6 млрд сому азык-түлүк товарларына, 466,7 млрд сому азык-түлүк эмес товарларга туура келди.

Жалпы көлөмдүн 48,2%ын азык-түлүк товарлары, 51,8%ын азык-түлүк эмес товарлар түздү.