Кыргызстанда доулалардын ассоциациясы түзүлүүдө
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь

Кыргызстанда доулалардын ассоциациясы түзүлүүдө

Кыргызстанда доулалардын ассоциациясын түзүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу төрөткө даярдоо боюнча сертификатталган тренер, доула Махабат Алиева «Радиоклиника» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө болочок ата-энелердин доулалардын кызматтарына болгон кызыгуусу акырындык менен өсүүдө.

Доула аялга төрөткө чейин, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин эмоционалдык, маалыматтык жана практикалык жактан колдоо көрсөтөт. Ошол эле учурда ал дарыгердин ордун баспайт жана медициналык кызматтарды көрсөтпөйт.

Алиеванын түшүндүрмөсүнө караганда, төрөт учурунда доула аялга денесинин абалын өзгөртүүгө, туура дем алууга, өз убагында эс алууга, суу ичүүгө жана тынчсыздануусун жеңүүгө жардам берет. Ал эми төрөттөн кийин күнүмдүк тиричиликке байланыштуу алгачкы маселелерди чечүүдө жана баланы эмчек эмизүүнү баштоодо колдоо көрсөтө алат.

Адистин айтымында, учурда Кыргызстанда доулалардын кесиптик бирикмесин түзүү процесси жүрүп жатат.