президенттин администрациясы
29 октябрь
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга келди
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, иш сапары менен Түркия Республикасынын Анкара шаарына келди.
Мамлекет башчысынын учагы Анкара шаарындагы “Этимесгут” эл аралык аэропортуна конду.
Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилген.
Президент Садыр Жапаровду Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эске сала кетсек, Мамлекет башчысы сапардын алкагында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышмакчы.
