Алдамачылар КР Улуттук банктын атын жамынып жасалма сертификаттарды колдонушууда
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жарандарды алдамчылардан сак болууну эскертет. Алар өздөрүн финансылык кеңешчи катары тааныштырып, Улуттук банктан тийиштүү сертификат алышканын айтып, адамдарды адаштырышат.
Ишендиришүчүн, кылмышкерлер Улуттук банк тарабынан берилген деп жазылган сертификаттардын жасалма сүрөттөрүн тиркешет, ошондой эле расмий сайттардын көчүрмөлөрүн колдонуп, мисалы, жылына 1% менен өтө пайдалуу шарттарда насыяларды убада кылышы мүмкүн. Адамдарды маалыматты текшербей туруп иш-аракетке түртүү үчүн, алдамчылар аларды "Бул өзгөчө учур!" же "Азыр аракет кыл!" деген сөз айкаштары менен шаштырышат. Алдамчылардын курмандыгы болбоо үчүн эмне кылуу керек?
- Мессенджерлер аркылуу белгисиз адамдардан алынган сертификаттардын сүрөттөрүнө жана башка документтерге ишенбеңиз.
- Шектүү шилтемелерге кирбеңиз жана паспорттук маалыматтарды, банк картасынын реквизиттерин, сырсөздөрдү жана ырастоо коддорун үчүнчү жактагыларга бербеңиз.
- Тез арада чечимдерди кабыл албаңыз жана маалыматты текшергенге чейин акча которбоңуз.
- Маалыматты текшерүү үчүн расмий булактарды гана колдонуңуз.
Эске салабыз: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жарандарга кредит бербейт жана мессенджерлер аркылуу кеңеш бербейт. Улуттук банктын атын жамынып жасалма документтерди колдонгон алдамчыларга ишенбеңиз. Бардык маалыматты текшериңиз, сак болуңуз жана жакындарыңызды мындай схемалар тууралуу эскертип коюңуз.
