«Жыргалаң» санаторийинин кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп, жаңы мончо комплекси ачылат
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Жыргалаң» санаторийинин кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп, жаңы үч кабаттуу мончо комплекси ачылат. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты.
Бүгүн президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышкан.
Жалпы аянты 2 872,9 чарчы метрди түзгөн жаңы комплексте дарылоочу ванналар, массаж кабинеттер, SPA-зоналар, мончолор жана эс алуу жайлары каралган. Эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө зоналар уюштурулат.
Комплексти ноябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Андан соң Каныбек Туманбаев санаторийдин жамааты менен жолугушуп, кызматкерлердин эмгек акысы жана иштөө шарттары тууралуу пикир алышты.
Жолугушууда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жыл аягына чейин санаторий кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатыла турганын билдирди. Ошондой эле келерки жылы айлык акыны дагы жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин санаторий Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында болуп, узак убакыт талаптагыдай иштебей келген. Кызматкерлердин арасында айына 5 миң сом айлык алгандар да болгон.
Президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөндөн кийин санаторийде жаңылоо иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн шарттар жакшыртылды. Учурда мекеменин ишмердүүлүгү жанданып, коюлган пландар аткарылууда.
Каныбек Туманбаев санаторийдин өнүгүшү менен бирге кызматкерлердин эмгеги да татыктуу бааланышы керектигин белгиледи.
