Кыргызстанда мейманкана жана ресторандар 51,4 млрд сомдон ашык кызмат көрсөттү
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь

Кыргызстанда мейманкана жана ресторандар 51,4 млрд сомдон ашык кызмат көрсөттү

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандагы мейманкана жана ресторандардын кызмат көрсөтүү көлөмү 51 млрд 413,5 млн сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6%га өскөн.

Анын ичинен мейманканалар жана кыска мөөнөткө жашоого арналган башка жайлар 9 млрд 439,3 млн сомдук кызмат көрсөтүшкөн. Бул сегментте өсүш 14,4%ды түздү.

Ресторандар, барлар жана коомдук тамактануучу башка жайлар 41 млрд 974,2 млн сомдук кызмат көрсөтүп, көрсөткүчүн 7,5%га көбөйткөн.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн жарымынан көбү Бишкек шаарына туура келип, 30,5 млрд сомду түздү.

Ош шаарында кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 4,2 млрд сомго, Жалал-Абад облусунда 4,7 млрд сомго, Чүй облусунда 3,8 млрд сомго, Ысык-Көл облусунда 3,3 млрд сомго жетти.

Аймактар арасында кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүү темпи Ош шаарында 20,3%, Чүй облусунда 19,7% жана Нарын облусунда 19% болду.