Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь
Кыргызстанда чекене сооданын көлөмү 615 млрд сомдон ашты
2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстанда автоунааларды жана мотоциклдерди сатууну эсепке албаганда, чекене сооданын көлөмү 615 млрд 159,7 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 15,4%га өстү. Өсүш өлкөнүн бардык аймактарында катталган.
Эң жогорку өсүү Чүй облусунда 28%, Ош шаарында 22,8% жана Бишкек шаарында 15,1% болду.
Сооданын көлөмү Бишкек шаарында 248,3 млрд сомду, Жалал-Абад облусунда 90,4 млрд сомду, Чүй облусунда 92,8 млрд сомду түздү.
Сентябрь айында өлкө боюнча чекене сооданын көлөмү 100,5 млрд сомго жетип, 2025-жылдын ушул айына салыштырмалуу 16,9%га көбөйдү.
