Кыргызстанда балдарга тез жардам көрсөтүү кызматын түзүү сунушталды
29 октябрь

Кыргызстанда балдарга тез жардам көрсөтүү кызматын түзүү сунушталды

Кыргызстанда балдарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн толук кандуу системасын түзүү зарыл. Мындай сунушту балдар кардиологу, Кыргыз педиатриялык кардиология ассоциациясынын төрагасы Данияр Аматов көтөрдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Дарыгердин айтымында, баланын абалы оорлошкондо керектүү адисти издөөгө же акыркы диагнозду күтүүгө убакыт коротууга болбойт. Алгачкы мүнөттөрдөн тартып эле баланын өмүрүнө коркунуч жаралганын аныктап, дарылоону баштап, андан аркы аракеттерди чечүүгө жөндөмдүү даярдалган медициналык топ жардам көрсөтүшү керек.

Аматов көп тармактуу ооруканаларда балдарга шашылыш жардам көрсөтүүчү атайын бөлүмдөрдү түзүп, аларды керектүү жабдуулар менен камсыздоону, ошондой эле дарыгерлерди жана медайымдарды тиешелүү даярдыктан өткөрүүнү сунуштады.

Ал балдарды дарылоонун өзгөчөлүктөрүнө да көңүл бурду. Анын белгилешинче, баланын абалын баалоодо, жабдууларды тандоодо жана дары-дармектердин дозасын эсептөөдө анын жашын жана дене салмагын эске алуу зарыл.

Адистин пикиринде, аймактарда шашылыш медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Бала алгач жеткирилген ооруканада анын абалын турукташтыруу үчүн зарыл болгон жардам көрсөтүлүшү керек. Кийин башка ооруканага которуу талап кылынса да, алгачкы медициналык жардам толук камсыздалышы зарыл.

«Бардык жоопкерчиликти бир гана дарыгерге жүктөөгө болбойт. Анын артында тез, ырааттуу жана коопсуз аракеттенүүгө мүмкүндүк берген система турушу керек», — деп белгиледи Аматов.

Мындай кызматты түзүү үчүн адистерди даярдоо, бирдиктүү иш стандарттарын киргизүү, каржылоо жана атайын бөлүмдөрдү этап-этабы менен ачуу зарыл.

Бул ишке Саламаттык сактоо министрлигин, медициналык жогорку окуу жайларын, ооруканалардын жетекчилерин жана медициналык кесиптик коомчулукту тартуу сунушталууда.