Бишкекте жаш жубайлар дарак отургузушту
Бишкек мэриясы
29 октябрь

Бишкекте жаш жубайлар дарак отургузушту

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу» долбоорунун алкагында жаш жубайлар «Адинай» сейил багына кара кайың дарагын отургузушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Отургузулган дарак сүйүүнүн, үй-бүлөлүк бакубаттуулуктун жана жубайлардын жашоосундагы жаңы этаптын символу болот. Ал жаш үй-бүлө менен бирге өсүп, алардын өмүрүндөгү өзгөчө күндү жана бирге баскан жолун эске салып турат.

Долбоорго катышууну каалаган жаңы үйлөнгөндөр https://greenair.kg/bishkek сайты аркылуу арыз бере алышат же 0880 005 123 телефонуна кайрылса болот. Ал үчүн бак отургузуучу жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү зарыл.