Бишкекте актер Табылды Актановдун «Барсбег» аттуу китебинин бет ачары өттү
Бишкектеги Кыргыз улуттук «Манас» театрында 29-октябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, манасчы, төкмө акын, драматург, режиссёр, театр жана кино актёру Табылды Актановдун «Барсбег» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу, улуттук тарыхты, маданиятты жана руханий мурастарды даңазалоо максатында уюштурулду.
Бет ачар аземине Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчылары, акындары, дастанчылары жана актёрлору катышты. Иш-чаранын алкагында «Барсбег» китебинин негизинде даярдалган сахналык үзүндү көрүүчүлөргө тартууланды.
Аземдин жүрүшүндө Барсбегдин тарыхтагы орду, улуттук баалуулуктарды сактоо жана аларды келечек муунга жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз улуттук «Манас» театры улуттук тарыхты, маданиятты жана руханий мурастарды даңазалоого багытталган иш-чараларды уланта берет.
