Кыргызстандагы 500 мектепте  3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулду
Агартуу министрлиги
29 октябрь

Кыргызстандагы 500 мектепте 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулду

Кыргыз Республикасынын мектептеринде шахмат ийримдерин уюштуруу үчүн керектүү жабдууларды жеткирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.

Аталган демилге президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде ишке ашырылууда. Ага ылайык, 2026–2027-окуу жылында республиканын 500 жалпы билим берүү уюмундагы 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери уюштурулууда.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча мектептерге 7500 комплект шахмат, 2500 таймер жана 500 демонстрациялык шахмат тактасы жеткирилди. Учурда жабдууларды мектептерге жеткирүү иштери улантылууда.

Пилоттук долбоордун ишке ашырылышына 10 айдан кийин мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары бааланат.