Бишкекте залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү
Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар манасчы 29-октябрда Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү катышты.
Эскерүү кечеси Кыргыз Республикасынын президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу, улуттук руханий мурасты сактоо жана жайылтуу максатында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин руханий байлыгын сактоого жана муундан муунга өткөрүүгө зор салым кошкон залкар манасчы Мамбет Чокморовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана манасчылык өнөрдүн өнүгүшүнө кошкон салымы эскерилди.
Ошондой эле кеченин алкагында манасчынын чыгармачылык мурасын даңазалоого, улуттук маданияттагы ордун белгилөөгө жана жаш муундарды кыргыз элинин бай руханий баалуулуктарын урматтоого үндөөгө багытталган иш-чаралар өткөрүлдү.
