Кыргызстандыктар автоунаа жана мотоциклдерге 70 млрд сомдон ашык каражат сарпташты
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь

Кыргызстандыктар автоунаа жана мотоциклдерге 70 млрд сомдон ашык каражат сарпташты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстанда автоунааларды, мотоциклдерди, автоунаа тетиктерин жана комплекттөөчү бөлүктөрүн сатуу жүгүртүүсү 70 млрд 209 млн сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,3%га өскөн.

Мындан тышкары, автоунааларды техникалык тейлөө жана оңдоо кызматтарынын көлөмү 9 млрд 268,3 млн сомду түздү. Бул багыттагы көрсөткүч 18,7%га жогорулаган.

Жалпысынан тогуз айда дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо тармагындагы жүгүртүү 1 трлн 639,5 млрд сомго жетип, 4,2%га өскөн.