Төрөткө даярдыкты кош бойлуулуктун акыркы айларында эмес, эртерээк баштоо сунушталат
Баланы төрөөгө даярдыкты кош бойлуулуктун акыркы айларына калтырбай, аны пландаштыруу этабынан баштоо сунушталат. Бул тууралуу «Радиоклиника» программасынын эфиринде төрөткө даярдоо боюнча сертификацияланган тренер Махабат Алиева билдирди.
Анын айтымында, даярдык дене көнүгүүлөрүн гана эмес, психологиялык жактан даяр болууну, ишенимдүү маалымат алууну жана жубайлардын экөөнүн тең ден соолугуна көңүл бурууну камтыйт.
Адис белгилегендей, көпчүлүк болочок энелер кош бойлуу болгондон кийин гана маалымат издей башташат. Бирок социалдык тармактардагы кеңештердин көптүгү айрым учурларда тынчсызданууну күчөтүшү мүмкүн.
Махабат Алиева кош бойлуулукту көзөмөлдөгөн дарыгерлердин сунуштарына таянууну жана аялдын жеке ден соолугунун абалын эске алууну кеңеш берет.
Анын сөзүнө караганда, төрөткө даярдык кош бойлуулуктун бардык мезгилинде уланышы керек, анткени ар бир этаптын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар.
