31-октябрда Жерде G2 деңгээлине жеткен магниттик бороон болушу күтүлүүдө
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 октябрь

31-октябрда Жерде G2 деңгээлине жеткен магниттик бороон болушу күтүлүүдө

Ишемби, 31-октябрда Жерде алсыз же орточо деңгээлдеги магниттик бороон болушу мүмкүн. Божомолдорго ылайык, геомагниттик өзгөрүүлөр G1–G2 деңгээлине жетиши ыктымал.

Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясынын адистери билдиришти.

Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча, магниттик бороон жума күндөн ишембиге караган түнү башталып, болжол менен 12–15 саатка созулушу мүмкүн. Геомагниттик өзгөрүүлөрдүн негизги бөлүгү ишемби күнү түшкө чейин байкалат деп күтүлүүдө.

Акыркы күндөрү геомагниттик активдүүлүк жогору бойдон калганы менен, магниттик бороондун деңгээлине жете элек.

Алдын ала моделдерге ылайык, 31-октябрда магнитосферадагы өзгөрүүлөр алсыз же орточо деңгээлге жетиши мүмкүн.

Адистер Күндөн келген шамалдын жана Жердин магнитосферасынын абалы тууралуу жаңы маалыматтар түшкөн сайын космостук аба ырайы боюнча божомол такталышы мүмкүн экенин белгилешти.