Кыргызстан жана Кытай технологияларды трансферттөө жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүдө
КР СӨП
30 октябрь

Кыргызстан жана Кытай технологияларды трансферттөө жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүдө

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Кытай–Борбордук Азия технологияларды трансферттөө борборунун өкүлдөрү технологияларды трансферттөө жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Документ технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду колдоого жана алдыңкы технологияларды Кыргызстанда киргизүүгө багытталган.

Кызматташуунун негизги багыттары — технологияларды трансферттөө, технологиялык платформаларды өнүктүрүү, адистерди даярдоо, инвестиция тартуу жана Кыргызстанда технопарктарды түзүү.

Палатанын Кытайдагы өкүлчүлүгү тараптардын практикалык өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшөт.