Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 29-октябрда Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды.
Президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган.
Сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды.
Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Анкара шаарында өткөн 13-саммитинин алкагында Президенттик сарайда өттү.
Президент Садыр Жапаров ага “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденинин” тапшырылышы чоң сыймык жана терең сый-урматтын белгиси экенин айтты.
Мамлекет башчысы бул сыйлыкты жеке эмгегинин таанылышы катары гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын баса белгиледи.
“Бизди жалпы көп кылымдык тарыхыбыз, бирдиктүү руханий баалуулуктарыбыз, тилдерибиздин жана маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул — биздин баа жеткис мурасыбыз жана биримдигибиз менен ынтымагыбыздын бекем пайдубалы”, — деди президент.
Ал ошондой эле сыйлоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине терең ыраазычылык билдирип, орден түрк дүйнөсүнүн жаркын келечегине болгон жалпы ишенимдин символу экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы боордош өлкөлөргө тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү, ал эми элдерге бакубатчылык каалап, алардын ортосундагы түбөлүктүү боордоштукту сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
