Бишкектик бир тургун соодага күнүнө орточо 1 миң сом коротот
сүрөт: depositphotos.com
29 октябрь

Бишкектик бир тургун соодага күнүнө орточо 1 миң сом коротот

2026-жылдын январь-сентябрь айларында Бишкек шаарында чекене соода жана коомдук тамактануу ишканаларынын жүгүртүүсү калктын ар бир тургунуна эсептегенде 269 миң 344 сомду түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул сумманы тогуз айга бөлгөндө бир күнгө орточо 987 сомдон туура келет.

Бул көрсөткүч өлкө боюнча орточо деңгээлден эки эседен ашык жогору.

Жалпысынан Кыргызстанда тогуз айда чекене сооданын калктын ар бир тургунуна туура келген көлөмү 120 миң 397 сомду же күнүнө болжол менен 441 сомду түздү.

Ош шаарында бул көрсөткүч бир адамга 161 миң 409 сомго, Чүй облусунда 154 миң 188 сомго жетти.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда коомдук тамактануу ишканаларын кошкондо, чекене сооданын жалпы жүгүртүүсү 901,4 млрд сомду түздү.

Анын ичинен 434,6 млрд сому азык-түлүк товарларына, 466,7 млрд сому азык-түлүк эмес товарларга туура келди.

Ошол эле учурда калктын ар бир тургунуна эсептелген көрсөткүч ар бир адам чындыгында ушунча акча коротот дегенди билдирбейт. Бул чекене сооданын жалпы көлөмүн калктын санына бөлүү аркылуу эсептелген статистикалык көрсөткүч.