Садыр Жапаров Анкарада Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды
президенттин администрациясы
30 октябрь

Садыр Жапаров Анкарада Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 29-октябрда Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинин алкагында “Бештепе” Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды.

Иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Мамлекет башчылары ТМУга мүчө өлкөлөр тарабынан орнотулган искусство чыгармалары жана улуттук объектилер менен таанышты. Экспозициялар салттуу маданияттын байлыгын, улуттук турмуш-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүн жана түрк элдеринин тарыхый мурасын чагылдырып, ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана маданий көп түрдүүлүгүн көрсөтөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын атынан “Бештепе” президенттик паркында “Мураскер” скульптурасы орнотулган. Скульптура атасынын ишин – бүркүт менен аңчылык кылуу байыркы өнөрүн уланткан жаш мергенчинин образын ачып берет. Композицияда көчмөндөр салтынын негизги элементтери айкалышкан: бүркүт – руханий бийиктиктин жана эркиндиктин символу, тайган – талаа мергенчисинин ишенимдүү шериги, ал эми жаа — чеберчиликтин жана ички токтоолуктун белгиси.

Аллеяны көрүп чыккандан кийин делегациялардын башчылары жубайлары менен биргеликте сүрөткө түшүштү. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышышты.

Иш-чаранын соңунда Малазгирт искусство борборунда президенттерге ТМУга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маданий салттарын чагылдырган концерттик программа тартууланды.