Кыргызстанда Өнөр жайды өнүктүрүү мамлекеттик банкын түзүү сунушталууда
сүрөт: depositphotos.com
30 октябрь

Кыргызстанда Өнөр жайды өнүктүрүү мамлекеттик банкын түзүү сунушталууда

Кыргызстанда жаңы ишканаларды курууну, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоону жана ири өнөр жай долбоорлорун каржылай турган Өнөр жайды өнүктүрүү банкын түзүү сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы банк мамлекеттин 100 пайыздык үлүшүнө ээ ачык акционердик коом түрүндө түзүлөт. Ал кадимки коммерциялык банк катары иштебейт жана калктан аманаттарды кабыл ала албайт.

Банктын негизги милдети өнөр жай ишканаларына узак мөөнөттүү каржылык колдоо көрсөтүү болот.

Ал ишканаларга түздөн-түз насыя бере алат, долбоорлорду башка банктар аркылуу каржылайт, кепилдиктерди берет, жабдууларды лизингге сунуштайт жана эл аралык каржы уюмдарынан каражат тартат.

Каражаттарды жаңы заводдорду курууга, өндүрүштү жаңылоого жана автоматташтырууга, жабдууларды сатып алууга, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүүгө багыттоо пландалууда.

Экспортко багытталган жана импорттук товарлардын ордун баса ала турган продукцияларды чыгарган ишканаларга өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле өнөр жай аймактарын, индустриалдык парктарды жана өндүрүштүк кластерлерди түзүү боюнча долбоорлор да каржыланышы мүмкүн.

Долбоорлорду тандоодо банктын адистери алардын экономикалык натыйжалуулугун, насыя алуучунун каражатты кайтаруу мүмкүнчүлүгүн, түзүлө турган жумуш орундарын, экспорттук потенциалын жана аймактардын өнүгүшүнө тийгизе турган таасирин баалашат.

Мамлекеттик программага киргизилген долбоор автоматтык түрдө каржыланат дегенди билдирбейт. Ар бир долбоор каржылык, укуктук жана техникалык экспертизадан, ошондой эле тобокелдиктерди баалоодон өтүшү керек.

Банкты башкаруу үчүн директорлор кеңешин жана башкармалыкты түзүү сунушталууда. Мындан тышкары, ички аудит, тобокелдиктерди башкаруу системасы жана каржылык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө каралган.

Экономика жана коммерция министрлигинин эсебинде, өзүнчө банк түзүү өнөр жайды мамлекеттик колдоонун ар кандай механизмдерин бириктирүүгө жана ишканалардын узак мөөнөттүү каржы ресурстарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Банктын натыйжалуулугу каржылык көрсөткүчтөр менен гана чектелбестен, каржыланган долбоорлордун саны, өндүрүштүн жана экспорттун көлөмү, түзүлгөн жумуш орундарынын саны жана импортко көз карандылыктын азайышы менен да бааланат.