ЕӨБ Кыргызстанда Фрунзе – Кемин электр чубалгысын тездетип курууну сунуштады
Иллюстрациялык сүрөт
30 октябрь

ЕӨБ Кыргызстанда Фрунзе – Кемин электр чубалгысын тездетип курууну сунуштады

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) аймактагы электр энергиясы соодасын өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын электр тармактарын чыңдоону артыкчылыктуу долбоорлордун катарына кошту.

Банктын «Чек арасыз энергия» аттуу баяндамасында 500 кВ чыңалуудагы Фрунзе – Кемин электр берүү линиясын курууну тездетип, кийин аны келечектеги Бишкек-500 көмөкчордонуна туташтыруу сунушталган.

Долбоор Кыргызстандын ички энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, электр тармактарындагы чектөөлөрдү азайтууга жана Нарын ГЭСтер каскадынан электр энергиясын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары, ЕӨБ 500 кВ чыңалуудагы Кемин – Алматы электр берүү линиясын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Бул линия Кыргызстан менен Казакстандын энергетикалык байланышын чыңдап, электр энергиясын сезондук алмашуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө тийиш.

Тактап айтканда, суу-энергетикалык режимдердин алкагында жай мезгилинде Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын кабыл ала алат. Ал эми башка мезгилдерде Кыргызстанды колдоо үчүн электр энергиясы тескери багытта жеткирилиши мүмкүн.

ЕӨБ электр берүү линияларын куруу гана экономикалык натыйжага жетишүү үчүн жетишсиз экенин белгилейт. Ошондой эле телеметрия системаларын, автоматтык жөнгө салуу механизмдерин, коммерциялык эсепке алууну жана системалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм механизмин киргизүү зарыл.