Алдамчыларга алданган жаран жеке компанияларга кайрылса болобу? Адистин жообу
Социалдык тармактарда учурда алдамчыларга алданып калган каражаттарды кайтарып берүү боюнча өз кызматтарын сунуштаган жарнамалар пайда болууда. Улуттук банкынын киберкоопсуздук жана маалыматтык коргоо башкармалыгынын начальниги Азамат Карабаев мындай убадаларга ишенбөө керектигин айтат.
“Бул шылуундуктун уландысы гана. Бир дагы жеке компания алдамчылар алган акчаны кайтарып бере албайт”, - деди ал.
Айтымында, кибералдамчылыкка туш келген жаран биринчи кезекте өзүн тейлеген банкка кайрылышы керек. Андан соң укук коргоо органдарына арыз жазат.
“Бир дагы жеке компания алдамчылардан акча кайтарып ала албайт. Алардын андай ыйгарым укуктары жок. Кайсы жерден кандай маалымат алып, кимди кантип издешет? Биринчи кезекте банкка кайрылыш керек, андан соң укук коргоо органдарына. Укук коргоо органдарына алданган жарандар канчалык көп кайрылса, шылуундар тууралуу ошончолук көбүрөөк маалымат топтолот дагы, алардын бетин ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шылуундар жалгыздап иштебейт, алар уюшкан топ”, - деди Карабаев.
