КР СӨП
30 октябрь
Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кооперациясын өнүктүрөт
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Кытайдын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитети (CCPIT) өнөр жай кооперациясы боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Негизги багыттардын бири — ТПП КР алдындагы Өнөр жай кооперациясы борборун өнүктүрүү. Кытайлык өнөктөштөрдү тартуу менен Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү тармактарында 100гө чейин биргелешкен ишкана түзүү пландалууда.
Бул кызматташтык инвестиция тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жол ачат.
