Садыр Жапаров Анкарада өткөн ТМУнун кезектеги саммитинде сөз сүйлөдү
президенттин администрациясы
30 октябрь

Садыр Жапаров Анкарада өткөн ТМУнун кезектеги саммитинде сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Түркия Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында Түрк мамлекеттер уюмунун ролу өсүп жатканына токтолду.

Президент Садыр Жапаров “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагын инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү аянтча катары өзгөчө белгилеп, Кыргызстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал боордош мамлекеттердин бизнес өкүлдөрүн аймактын потенциалын колдонууга чакырды.

Президент артыкчылыктуу багыттардын катарында транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, чек ара жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү жана жүк ташууну тездетүүнү белгиледи. Ошондой эле ал “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун жана анын Каспий деңизи аркылуу Орто коридор менен байланыштыруунун стратегиялык маанисин баса белгиледи.

Сөзүндө климаттын өзгөрүшү жана тоо экосистемаларын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн эришине каршы биргелешкен чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстандын БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча максаттуу фонд түзүү демилгесин билдирди.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Кыргызстан 2027-жылы Түрк мамлекеттер уюмунун экология министрлеринин жолугушуусун өткөрүүгө даяр экенин айтып, боордош өлкөлөрдүн башчыларын 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Президент Кыргызстандын санариптик трансформация жаатындагы ырааттуу ишин, анын ичинде Санариптик кодекстин кабыл алынышын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү белгиледи.

Ал Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын базасында тажрыйба алмашууну кеңейтүүнү, биргелешкен стартап-долбоорлорду колдоону жана түрк тилдеринде жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүнү колдоп чыкты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен “Маариф” фондунун кошкон олуттуу салымын белгилеп, топтолгон тажрыйбаны башка боордош өлкөлөр менен биргелешкен билим берүү мекемелерин түзүүдө пайдаланууну сунуштады.

Садыр Жапаров Уюмга мүчө өлкөлөрдүн бай маданий мурасы жана уникалдуу жаратылышы туризмди өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстанда жыл бою иштей турган “Ала-Тоо Резорт” туристтик кластерин түзүү долбоору ишке ашырылып жатканын айтып, ал жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алууга жана 5 миңге жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берерин билдирди. Биринчи объекттин ачылышы үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына пландалган.

Мамлекет башчысы боордош өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бул иш-чарага катышууга чакырып, ошондой эле ишкерлерди мейманканаларды, ресторандарды жана башка объектилерди куруу жаатында инвестициялык кызматташтыкка үндөдү.

Сөзүнүн соңунда Президент күчү тарыхый жана маданий жакындыгыбызда гана эмес, жалпы келечекти биргелешип курууга болгон умтулуубузда экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун азыркы Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевге Уюмдун эл аралык аброюн жогорулатууга жана мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле жаңы Башкы катчынын милдеттерин аткарууга кирише турган Мирвохид Азимовго ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров Түркияны 2027-жылга Уюмга төрагалык кылууну кабыл алышы менен куттуктап, бул биргелешкен ишке жаңы дем берерине ишеним артты.

Буга байланыштуу Президент 2027-жылы Кыргызстанда Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитин өткөрүүнү сунуштап, бул жолугушуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана биргелешкен долбоорлорду талкуулоого кошумча мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.