Бишкекте майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо боюнча мыйзам долбоору талкууланды
Эмгек министрлиги
30 октябрь

Бишкекте майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо боюнча мыйзам долбоору талкууланды

2026-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында «Майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоого байланыштуу мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоого арналган Улуттук консультациялык жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Бойгончоков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Мирланбек Бойгончоков майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири экендигин белгиледи. Ошондой эле бул багыттагы мыйзамдык базаны өркүндөтүүнүн, коргоо механизмдерин күчөтүүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара кызматташууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле бул багыттагы колдонуудагы мыйзам актыларын өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Катышуучулар мыйзам долбоорунун негизги жоболорун карап чыгып, өз сунуш-пикирлерин жана сунуштамаларын билдиришти. Ошондой эле майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоону камсыз кылууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өз ара кызматташуусун күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Улуттук консультациялык жыйындын жыйынтыгында мыйзам долбоорун мындан ары өркүндөтүү жана майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоонун укуктук механизмдерин күчөтүү боюнча сунуштар берилди.