Онколог-маммолог: Көкүрөк безинин рагына кабылган аялдардын саны жылдан жылга көбөйүүдө
30 октябрь

Онколог-маммолог: Көкүрөк безинин рагына кабылган аялдардын саны жылдан жылга көбөйүүдө

Көкүрөк безинин залалдуу шишиги боюнча жагдай акыркы 10 жылда дүйнө жүзүндө өзгөрүүдө. Бул оору менен ооругандардын саны 35 пайызга көбөйдү. Анын катарында Кыргызстанда да 2020-жылга чейин эмчек рагы жылына 600дөй аялдан табылса, учурда жылына 900 жаңы учур катталат. 

Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, онколог-маммолог Азамат Кылчыкбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. 

Ал белгилегендей, көкүрөк безинин залалдуу шишиги бир гана аялдарга таандык эмес, эркектер да оорушат. Бүгүнкү күндө эркектердин 1,5 пайызы бул ооруга чалдыккан. 

“Эркектерде сүт бези өнүкпөй калат, бирок кичинекей көлөмдө жүрөт. Бул рудимент. Залалдуу шишик адамдын организминдеги бардык клеткаларда пайда болушу ыктымал”, - деди дарыгер. 

Айтымында, мындан 20 жыл мурда 30 жашка чейинки аялдарда сүт безинин рагына кабылуу коркунучу сейрек кездешкен. Азыр 17-18 жаштагы кыздарда да табылып калышы мүмкүн, бирок өтө чанда. Ал эми бул ооруга кабылуу коркунучу 45 жаштан 70 жашка чейинки аялдардын арасында басымдуулук кылат. 

Онколог-маммолог белгилегендей, көкүрөк рагынын пайда болушунун биринчи себеби – жаш курак. Андан соң стресс, тамак-аштын сапатынын жана экологиянын начарлашы. 

“Бул ооруну алдын алуу үчүн мамлекеттик деңгээлде алдын алуу чараларын жүргүзүү керек. Ооруну эрте табууга аракет жасоо маанилүү. Канчалык эрте табылса, дарылоо оңой. Көбүнчө бейтаптар оору 3-4-даражага жеткенде дарыгерлерге кайрылышат, анткени 1-2-стадияда оору билинбейт жана эгерде ушул убакта аныкталса, аны айыктырып коюу да жеңил. Ошондуктан 45 жаштан ашкан ар бир аял жыл сайын медициналык текшерүүлөрдөн өтүп турушу керек”, - деди дарыгер.