Кыргызстанда пробация системасы түзүлгөндөн бери эркиндигинен ажыратылгандардын саны дээрлик 20% кыскарган
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Алмаз Айылчиев Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Реми Дюфло мырза менен жолугушту. Жолугушууда тараптар укуктун үстөмдүгүн бекемдөө жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү жаатындагы мындан аркы кызматташтыктын келечегин, анын ичинде «Бардыгы үчүн адилетүүлүк» (JUST4ALL-2) долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Министр өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдогондугу үчүн Европа биримдигине ыраазычылык билдирип, долбоордун биринчи этабында олуттуу натыйжаларга жетишилгенин белгиледи. Алсак, 2019-жылы пробация системасы түзүлгөндөн бери эркиндигинен ажыратылган адамдардын саны дээрлик 20 пайызга кыскарган, ал эми пробациялык көзөмөлдө турган адамдардын арасында кайталап укук бузуу көрсөткүчү болжол менен 1% түзөт.
JUST4ALL-2 долбоорунун келечектеги багыттарына өзгөчө көңүл бурулду. Долбоор кылмыш-жаза сот адилеттигинин бирдиктүү санариптик экосистемасын түзүүнү, мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын интеграциялоону, санариптик юридикалык кызматтарды өнүктүрүүнү, укуктук статистиканы өркүндөтүүнү жана жарандардын укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү карайт.
Тараптар институционалдык потенциалды чыңдоого, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасында жеткиликтүү, ачык-айкын, адамдын муктаждыктарына багытталган сот адилеттигин камсыз кылууга багытталган конструктивдүү кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.
