Жалал-Абад Казакстандын бир катар облустагы менен кызматташтыкты өнүктүрөт
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
31 октябрь

Жалал-Абад Казакстандын бир катар облустагы менен кызматташтыкты өнүктүрөт

Жалал-Абад Казакстандын бир катар облустагы менен кызматташтыкты өнүктүрөт. Бул тууралуу КР президентинин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бир катар кызматташтык документтерине Бишкек шаарында 2026-жылдые 30-октябрында өткөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын аймактар аралык кызматташтыгынын “Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү аймактардын ролу” аттуу экинчи форумунун алкагында кол коюлду.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстан Республикасынын Алматы, Кызылорда жана Караганда облустарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө үч меморандум түзүлдү.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Манас шаары менен Түркстан шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бул документтер аймактар аралык байланыштарды чыңдоого, эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга багытталган.

Форум министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектеновдун тең төрагалыгы алдында өттү.