Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту
31-октябрда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалын жеңип алды.
Финалдык беттеште кыргызстандык балбан Россиянын өкүлү Ибрагим Ибрагимов менен күч сынашып, 2:5 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Жыйынтыгында Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болуп, мелдешти экинчи орунда аяктады.
Эрназар Акматалиев мелдештеги жүрүшүн кечээ, 30-октябрда баштаган. Финалга чейин ал үч жеңишке жетишти:
1/8 финал: Канаданын өкүлү Лахлан Макнил Мауристи 2:0 эсебинде жеңди;
Чейрек финал: Түркиянын өкүлү Ферхат Киличти 8:3 эсебинде утту;
Жарым финал: АКШнын өкүлү Зейн Аллен Резерфордду 3:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
