Бакуда Кыргыз Республикасынын Соода үйү ачылды
31 октябрь

Бакуда Кыргыз Республикасынын Соода үйү ачылды

2026-жылдын 30-октябрында Азербайжандын борбору Баку шаарында ата мекендик продукцияны илгерилетүүгө, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн Азербайжан рыногундагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземине Түркиянын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Соода үйү кыргызстандык товарларды илгерилетүү, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен түз ишкердик байланыштарды түзүү жана Азербайжан рыногунда ата мекендик продукциянын үлүшүн кеңейтүү үчүн аянтча болуп кызмат кылат.

Иш-чаранын алкагында Азербайжандын бизнес өкүлдөрү менен B2B форматындагы жолугушуулар да өткөрүлдү. Азербайжандагы ири соода түйүндөрүнүн бири — Araz Market кызматташууга өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, анын өкүлдөрү Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны импорттоого кызыкдар экенин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түз жеткирүүлөрдү жолго коюу мүмкүнчүлүктөрүн, кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын жана соода түйүнүнүн текчелеринде кыргызстандык товарлардын ассортиментин кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн Азербайжан рыногуна чыгуусуна, жаңы соода өнөктөштөрүн табуусуна жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.