Кыргызстанда 11 миңден ашык кооптуу аймак аныкталды
сүрөт: depositphotos.com
1 ноябрь

Кыргызстанда 11 миңден ашык кооптуу аймак аныкталды

Кыргызстандын аймагында 11 миң 388 кооптуу участок аныкталган. Алардын ичинен 6 миң 36 участок түз коркунуч жараткан аймактар катары катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча билдиришти.

Табигый кооптуу процесстерге мониторинг жүргүзүү жана тобокелдиктерди баалоо максатында адистер 1 миң 879 инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында капиталдык курулуш, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар уюштурулган.