Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9 айдан жыйынтыгын чыгарды
30-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин төрагалыгында коллегиянын отуруму өткөрүлдү. Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдын 9 айдагы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, IV кварталда аткарылуучу негизги милдеттер белгиленди.
Коллегияга ӨКМ жетекчилиги жана министрликке караштуу түзүмдүк, аймактык башкармалыктарынын, департаменттердин жетекчилери, коллегия мүчөлөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө министрдин орун басары Нурбек Жумалиев 9 ай ичинде аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер жөнүндө баяндама жасады.
Анын маалыматында, отчеттук мезгилде республика боюнча 2 895 кырсык катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 пайызга азайган. Ал эми ар кандай өзгөчө кырдаалдардан, кырсыктардан 391 адамдын өмүрү сакталып, куткарылган өмүрлөрдүн саны 13,6 пайызга жогорулаган.
Баяндамада айтылгандай, өлкө аймагында жалпысынан 11 388 кооптуу участок аныкталып, алардын ичинен 6 036 участогу түздөн-түз коркунуч жаратуучу аймак катары бааланган. 2026-жылдын 9 айында кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүү жана алардын тобокелдиктерин баалоо максатында жалпысынан 1 879 инженердик-изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Мындан улам капиталдык курулуш, атайын алдын алуу жана кырсыктардын кесепеттерин жоюу иш-чаралары уюштурулуп, 12 874 метр коргоочу дамба, 131 метр темир-бетон тосмо курулду. Натыйжада 4 320 турак жай, 1 849 гектар айыл чарба жерлери сел жана суу ташкындарынын коркунучунан коргоого алынган.
Жыл башынан бери жалпы 119 транспорт каражаты алынган. Жаңы техникаларды сатып алуу менен гана чектелбестен, аларды аймактардагы муктаждыктарга жараша туура бөлүштүрүү, натыйжалуу пайдалануу жана техникалык жактан туруктуу даяр абалда кармоо өзгөчө мааниге ээ. Ошондой эле 8 өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн курулуш иштери аяктап, анын ичинен үчөө пайдаланууга берилди.
Жыйындын соңунда Канатбек Чыныбаев министрликтин мындан ары да өнүктүрүү жана бардык тармактарды жаңы деңгээлге чыгаруу милдеттерин так аткаруу боюнча жетекчилерге тапшырма берип, аларга ийгиликтерди каалады.
