Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 62-жыйыны Кыргызстанда өтөт
1 ноябрь

Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 62-жыйыны Кыргызстанда өтөт

Азербайжан Республикасынын Ханкенди шаарында Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 61-жыйыны өттү. Ага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты.

Жыйында КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын өкүлдөрү атаандаштык саясатын өнүктүрүүнүн, монополияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн, атаандаштыкка каршы келишимдерге бөгөт коюунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун биргелешип иликтөө штабынын ишинин жыйынтыктарын талкуулашты.

Беназир Нурланова жыйында сөз сүйлөп, катышуучуларга атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, кыргыз тарап бааларга мониторинг жүргүзүүнү санариптештирүү, анын ичинде «Мониторинг цен САР» автоматташтырылган маалыматтык тутумун модернизациялоо тууралуу маалымат сунуштады.

Жыйындын негизги жыйынтыктарынын бири Кеңештеги төрагалыктын Беларусь Республикасынан Казакстан Республикасына өткөрүлүп берилиши болду. Катышуучулар КМШ аймагында атаандаштыкты коргоо боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун, практикалык тажрыйба алмашуунун жана күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле катышуучулар Кеңештин кезектеги, 62-жыйынын 2027-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү жөнүндө макулдашышты.