Бишкекте фонтандар ачылып, муниципалдык кызматтардын кызматкерлери сыйланды
1 ноябрь

Бишкекте фонтандар ачылып, муниципалдык кызматтардын кызматкерлери сыйланды

2026-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда «Алтын балыктар» фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү.

«Алтын балыктар» фонтаны толугу менен жаңыланып, инженердик тутумдары модернизацияланды. Ошол эле учурда объекттин тарыхый көрүнүшүн сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Ал эми Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтан курулду. Алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан.

Иш-чаранын алкагында шаар тургундарына даам-татымдар берилип, «Акак» комузчулар ансамбли өнөрүн тартуулады.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарган кызматкерлерин сыйлоо аземи да өткөрүлдү.

Эки мекеменин 20 кызматкерине ар бирине 50 миң сомдон акчалай сертификат тапшырылды. Буга чейин дагы 10 кызматкер ушундай эле сертификаттар менен сыйланган.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев фонтандардын ачылышы биргелешкен эмгектин жана борбор калааны көрктөндүрүү боюнча долбоорлорду ырааттуу ишке ашыруунун натыйжасы экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Бишкекте шаарды көрктөндүрүү багытында чоң иштер аткарылууда. Жаңы фонтандарды куруу иштери июль айында башталып, үч айдын ичинде аларды толук бүтүрүп, ачылышка даярдоого жетиштик. Бул өзгөрүүлөр биргелешкен аракеттердин натыйжасында мүмкүн болду. Эң башкысы, бардык долбоорлорубуз шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө, борбор калаанын көркүн сактоого жана анын жашыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталган», — деп баса белгиледи шаар башчысы.

Ошондой эле мэр Айбек Джунушалиев шаардагы тартипти камсыз кылууда Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин салымын өзгөчө белгиледи.

«2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин силердин эмгегиңердин аркасында 8 800 мыйзамсыз объект боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Алардын айрымдары демонтаждалса, башкалары мыйзам талаптарына ылайык келтирилди. Силердин ишмердүүлүгүңөрдүн натыйжасында шаарга парктардын жана скверлердин аймактары кайтарылып, коомдук мейкиндиктер калыбына келтирилип, аларды мындан ары көрктөндүрүүгө шарт түзүлүүдө.

Түзүлгөн протоколдор жана көрүлгөн чаралар шаарда тартипти орнотууга, мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылууга жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзүүдө. Бул иштерде ар бириңердин эмгегиңер чоң», — деп белгиледи борбор калаанын мэри.

Иш-чаранын соңунда Айбек Джунушалиев сыйлык алган кызматкерлерди куттуктап, жоопкерчиликтүү эмгеги жана шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.