Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду
Бишкек мэриясы
1 ноябрь

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкек шаарында борбор калааны жашылдандыруу боюнча күзгү өнөктүк уланууда, деп билдирет мэриянын басма соз кызматы.

2026-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты.

«Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар: бак-дарактар сугаруу мүмкүнчүлүгү бар жерлерге гана отургузулушу керек. Бишкекте автоматташтырылган сугат системасы жок же такыр сугаруу каралбаган аймактарга көчөттөр отургузулбайт», — деп баса белгиледи мэр Айбек Жунушалиев.

Дагы бир экологиялык акция Тоголок Молдо атындагы скверде өткөрүлүп, ага катальпа жана ясень дарактарынын 138 көчөтү отургузулду. Иш-чарага дарыгер-онкологдор, онкологиялык ооруну жеңип чыккан аялдар, ошондой эле учурда дарыланып жаткан бейтаптар катышты.

Борбор калаанын башчысы Тоголок Молдо атындагы сквер жакында эле реконструкциядан өткөнүн белгиледи. Аймакты көрктөндүрүү иштери жаш ишкерлердин демилгеси менен, алардын жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

«Бишкекте биргелешкен экологиялык демилгелерди ишке ашыруу жакшы салтка айланып баратат. Шаардын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар, кайдыгер карабаган мамилеңиздер жана активдүүлүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем. Биз силердин демилгелериңерди ар дайым колдоого жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Сиздердин үлгүңүздөр башка шаар тургундарын да ушундай жакшы иштерге шыктандырат деп ишенем. Күч-аракетибизди бириктирүү менен гана шаарыбызды дагы да жашыл жана жашоого ыңгайлуу кыла алабыз», — деди шаар башчысы.

Иш-чараны «Өмүр үчүн бирге» («Онкомастерская “Вместе ради жизни”») коомдук бирикмеси уюштурду.

Уюштуруучулардын айтымында, бак-дарак отургузуу — жашоонун уланышын, үмүттү жана жаратуучулукту символдоштурат. Демилге шаарды жашылдандыруу менен гана чектелбестен, дарыланып жаткан адамдарга психологиялык колдоо көрсөтүүнү да көздөйт. Отургузулган ар бир дарак жашоонун, келечекке болгон ишенимдин жана жакшылыктын символу болуп калат.

Белгилей кетсек, бүгүн көчөт отургузуу иштери борбор калаанын башка көчөлөрүндө, парктарында жана скверлеринде да жүргүзүлдү. Жалпысынан бир күн ичинде Бишкек шаарында 500дөн ашык көчөт отургузулду.