Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов 2026-жылдын 29–31-октябрында Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгрессине катышууда.
Амандашуу сөзүндө министр Дамир Осмонов конгрессти уюштургандыгы жана медициналык илим жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Түркия Республикасынын Өкмөтүнө, Саламаттык сактоо министрлигине жана Түркиянын Саламаттык сактоо институттарына (TÜSEB) ыраазычылык билдирди.
Дамир Осмонов заманбап технологиялар, илимий билим жана кесиптик тажрыйба менен алмашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан медициналык билим берүү, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, санариптик саламаттык сактоо, телемедицина, ошондой эле диагностиканын жана дарылоонун заманбап ыкмалары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Министр медициналык университеттердин, илимий-изилдөө борборлорунун жана клиникалардын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын, стажировкаларды жана академиялык алмашууларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, мындай кызматташтыктын негизги натыйжасы медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана жарандардын ден соолугун чыңдоо болушу керек.
Түрк медициналык дүйнөсүнүн 12-конгресси «Түрк медициналык дүйнөсүндөгү натыйжалуу саламаттык сактоо: глобалдык коркунучтарга туруктуу саламаттык сактоо системалары» урааны алдында өтүүдө.
Конгресстин күн тартибине саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугу, медициналык илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү, фармацевтика, вакциналар, биотехнологиялар, санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект маселелери киргизилген.
