Жалал-Абад облусунда 42,6 чакырым жол асфальтталып, пайдаланууга берилди
видеодон алынган кадр
31 октябрь

Жалал-Абад облусунда 42,6 чакырым жол асфальтталып, пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун аймагында 2026-жылдын 30-октябрында жалпы 42,6 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, алар төмөнкү жол тилкелери:

  • Авоетим–Товарсай багыты — 4 чакырым;
  • Ала-Бука–Касан-Сай багыты — 12,1 чакырым;
  • Кумуш-Азиз–Масадан багыты — 2,5 чакырым;
  • Үч-Терек–Жетиген багыты — 6,5 чакырым;
  • Таш-Көмүр–Кербен–Ала-Бука багыты — 5 чакырым;
  • Талды-Булак–Каба багыты — 3 чакырым;
  • Ленин–Казар–Мазар–Сере багыты — 3 чакырым;
  • Сузак–Каду багыты — 6,5 чакыры