Ысык-Көл облусунун каркыра жайлоосунун жайыттары жакшыртылууда
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бул багытта Ысык-Көл облусунда жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлүп, көрүлүп жаткан иш-аракеттер менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу таанышты.
Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Жайыттарды калыбына келтирүү программасынын алкагында кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрүн себүү, мал жебеген отоо чөптөргө каршы күрөшүү жана жайыттарды кезектешип пайдалануу каралган.
Аталган иштердин алкагында Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булуң жана Ынтымак айылдарынын жакынкы жайыттарындагы кунарсыз жерлерге чөп үрөндөрү механизацияланган ыкма менен себилди.
Алыскы жайыттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Сары-Жаз жайлоосуна баруучу жолдо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан узундугу 140 жана 70 метр болгон эки көпүрө курулуп, 50–60 чакырым жол оңдолгон. Ошол эле учурда Сары-Жаз жайлоосунун ички жолдорунун 100 чакырымга жакын бөлүгүн жана Жаак жайлоосуна баруучу 12 чакырым жолду оңдоо зарылдыгы бар. Чымынды-Сай жайлоосунун баш жагына үч көпүрө, ошондой эле жазгы суулардан улам малчылардын көчүүсүнө тоскоолдук жараткан чакан кокту-колотторго 17 көпүрө куруу пландалууда.
Мындан тышкары, Түп районундагы Чымынды-Сай, Чаркудук жана Дөңгөлөк-Саз жайлоолорундагы жалпы аянты 12 005 гектарды түзгөн жайыттарды натыйжалуу пайдалануу маселеси каралды. Аталган жайыттарды пайдаланып келген 97 жайыт пайдалануучуну 2027-жылдан тартып Сары-Жаз жайлоосуна чыгаруу пландалууда. Бул чара 30 жылдан бери пайдаланылбай келген жайыттарды кайрадан чарбалык жүгүртүүгө киргизүүгө жана жакынкы жайыттарга түшкөн жүктү азайтууга багытталган.
Белгилей кетсек, Министрлик тарабынан жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо боюнча программа иштелип чыкты.3810:00
