Онлайн сатып алууда алдамчылыкка кабылбоо үчүн эмне кылуу керек?
Кайсы бир товарды интернет аркылуу тапшырык кылганда, алдамчылыкка кабылбайт деген кепилдик жок. Онлайн соодада эмнелерге көңүл буруу керек жана алданбоо үчүн жаран кандай кадамдарды жасоого тийиш?
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” түз эфиринде айтып берди.
Ал белгилегендей, биринчи кезекте маркетплейсти изилдөө зарыл. Канча убакка чейин иштеген, ал тууралуу сатып алуучулардын кандай пикирлери бар – карап чыгуу ашыкчалык кылбайт.
Андан тышкары сөзсүз түрдө кыргызстандык ортомчу алууга аракеттенүү керек.
“Менин жакындарым жакында эле онлайн соодадан алдамчылыкка туш болушту. Дубайдан машинанын тетигин тапшырык кылышып, 500 доллар төлөп, андан соң товарын ала албай калышты. Мындай көрүнүштөр көп. Интернеттен заказ кылганда ошол маркетплейстин сиз жашаган жерде жайгашкан офисине барып көрүңүз. Ал жерде кыргызстандык жаран иштесе, кийин кандайдыр бир алдамчылык болуп кетсе, каражатты кайтарып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деди Маматов.
Ал ар бир алданган жаранды укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууга чакырды. Айтымында, бул биринчи кезекте укук коргоо органдарында алдамчылык фактылары боюнча маалыматтардын көбүрөөк топтолушуна мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, башка жарандардын мындай алдамчылыкка туш болбоосуна өбөлгө түзөт.
