Сталбек Купешов, юрист: Турак жай сатып алууда кайсы каталарды кетирбөө керек?
Укук жана милдет – бул жарандарга канчалык деңгээлде түшүнүктүү?
Юрист Сталбек Купешов: «Ар бир жарандын өз укугун так билүүсү – мамлекеттик органдардын ырааттуу иштөөсүнө алып келет», – дейт.
Убагында укугун билип, иш-аракетин жүргүзгөн адам көп материалдык чыгымдарга дуушар болбойт, мыйзамды билбестик көп тоскоолдуктарды жаратат деген юрист бул сапар мурас, кыймылсыз мүлккө байланыштуу укуктарды бекемдөө жолдорун айтып берди.
Адам каза болгондон кийин андан калган мүлктөргө мураскерлер кантип ээлик кыла алышат?
– Жакын адам каза болгондон кийин, андан калган мурас, эгерде өз убагында нотариуска тиешелүү арыз менен кайрылбасаңыз, сизге өтпөй калышы мүмкүн. Мурасты кабыл алуу мөөнөтү – 6 ай. Бул мөөнөт өтүп кетсе, нотариус арызды кабыл алуудан баш тартып кое алат. Бирок ошол эле учурда сиз жалгыз мураскор болсоңуз, анда мөөнөт чектелбейт.
Иш жүзүндө мураска ээлик кылууга бир нече далил керектелет:
– мурас калтыруучу менен чогуу жашасаңыз, мүлктөрүн пайдаланып жана башкарсаңыз, тиешелүү мекемелерден кат жүзүндөгү далилдерди чогултасыз;
– салык төлөгөн квитанциялар;
– мурасты кабыл алуу боюнча чечим.
Кыймылсыз мүлктөрдү салыктан бошотуунун кандай жолдору каралган?
– Сизге тиешелүү турак жай болсо, ага салынчу салык ошол турак жай жайгашкан калктуу конуштагы калктын санына жараша болот. Бул Салык кодексинин 409-беренесинде белгиленген.
Мисалы, эгерде 500 миңден ашуун калктуу конушта 150 чарчы метрге чейинки аянттуу үй жана 80 чарчы метрге чейинки батирлерге салык салынбайт. Ал эми 200 миңден ашуун калк жашаган калктуу конуштагы 180 чарчы метрге чейинки үй жана 110 чарчы метрге чейинки батир салыктан бошотулган.
Ошентип, конуштагы калктын санына жараша салыктан бошотулчу турак жайдын аянты да өзгөрүп турат.
Үй сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керек?
– Үй же батирди эч убакта ишеним кат менен албаңыз. Анын тобокелчиликтери бар.
Биринчиден, үйдүн ээси каза болсо, үй мураскерлерине өтүп кетиши мүмкүн. Мындай учурда сиз сатып алганыңызды сот аркылуу гана далилдей аласыз. Бул көп материалдык чыгым жана убакытты талап кылат. Ал эми ишеним кат күчүн жоготот. Анткени каза болгон адамдын атынан жазылган ишеним кат жараксыз болуп эсептелинет.
Экинчиден, сизге мүлк саткан адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолсо, анда анын атына жазылган мүлк соттун өкүмү менен конфискацияланышы мүмкүн.
Үчүнчүдөн, сизге ишеним кат аркылуу мүлк саткан адам кааласа, нотариус аркылуу өзүнүн ишеним катын кайра өзү жокко чыгарып коюшу мүмкүн.
Турак жай алаарда кайсы документтерге басым жасоо керек?
– Турак жай сатып алаарда көңүл бурчу документтер:
-
Мүлк саткан адамдын атына катталган болушу керек. Паспорту болууга тийиш.
-
Эгер мүлктү башка адам сатып жатса, анда анын атынан мүлк ээсинин ишеним каты болуусу кажет.
-
Үй ээси никеде болсо, жубайынын макулдугу керек.
Андан тышкары, укук берчү документтерди кароо туура.
