30 октябрь

Бишкек: 3-ноябрда 7-кичирайондо суу берүү убактылуу токтотулат

2026-жылдын 3-ноябрында саат 10:00дөн 22:00гө чейин  турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү району:
7-кичи район № 33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43, 5Б

Диаметри 100 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.