«Тунгуч» онлайн-мектебинде 2 272 окуучу билим алууда
Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы «Тунгуч» онлайн-мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Улан Маматканов видео сабактар даярдалуучу студияны көрүп, мугалимдер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ошондой эле педагогикалык жамаат менен пикир алышып, онлайн билим берүү заман талабына ылайык өнүгүп жаткан маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.
Мектептин директору Айсулуу Жамангулова онлайн-мектептин ишмердүүлүгү, окуу процессинин уюштурулушу жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Учурда «Тунгуч» онлайн-мектебинде 2 272 окуучу билим алууда. Алардын басымдуу бөлүгүн чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары түзөт.
Маалымат үчүн: «Тунгуч» онлайн-мектеби 5–11-класстын окуучуларына акысыз аралыктан билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мектепте чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана эмгек мигранттарынын балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар, окуусун машыгуу жана мелдештер менен айкалыштырган спортчулар, олимпиадалардын катышуучулары, ошондой эле жүйөлүү себептерден улам окуусу үзгүлтүккө учурап, билим алууну улантууну каалагандар окуй алышат.
