Кыргызстан менен Казакстан 4,4 млн АКШ долларынан ашык суммага коммерциялык келишимдерге кол коюшту
1 ноябрь

Кыргызстан менен Казакстан 4,4 млн АКШ долларынан ашык суммага коммерциялык келишимдерге кол коюшту

2026-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын II Региондор аралык форумунун алкагында эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда коммерциялык келишимдерге кол коюу аземи болуп өттү.

Келишимдерге кол коюу жана документтер салынган папкаларды алмашуу аземинде төмөнкү макулдашуулар сунушталды:

«Алайкуу Органикс» ЖЧКсы жана «Добрые традиции» ЖШСси — 111,5 миң АКШ долларына консерваланган продукцияны жеткирүү боюнча келишим.

«Алайкуу Органикс» ЖЧКсы жана «Добрые традиции» ЖШСси — 150 миң АКШ долларына улуттук суусундуктарды жеткирүү боюнча дистрибьютордук келишим.

«Алайкуу Органикс» ЖЧКсы жана «Satu Company» ЖШСси — 150 миң АКШ долларына улуттук суусундуктарды жеткирүү боюнча дистрибьютордук келишим.

«Астана Моторс» жана «Траст Технолоджис» ЖЧКсы — 4 млн АКШ долларына кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

GT Oil Service жана «Tan auto» ЖЧКсынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

Төрт келишимдин жалпы суммасы 4 411 500 АКШ долларын түздү.

Кол коюлган келишимдер өз ара товар жеткирүүлөрдүн көлөмүн кеңейтүүгө, ишкердик өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого багытталган.