Айша апа, Түмөнбай Колдошовдун апасы: «Баламды обончу болуп кетет деп ойлогон эмесмин»
Рыспай Абдыкадыровдун обончулук мектебинин уландысы Түмөнбай Колдошов экенин айтып анын чыгарган обондорун берилүү менен угуп келебиз. Тубаса таланттын ээсин жарык дүйнөгө алып келген жана ага татыктуу тария берген көп баланын энеси Айша апа менен маектештик.
– Айша апа, Түмөнбай кичинесинен эле обон созуп ырдап жүрчү беле?
– Кичинесинен эле кыңылдап ырдап жүргөн балам 5-класстан тарта аккордеонго жакын болуп музыкасы ырына дал келбесе деле кыягын чыйкылдатып тарта берип кийин кудум Рыспайдын өзүндөй болуп ырдап калды. Убактылуу ырдап жүрүп токтолуп калат деп ойлогондуктан баламды обончу, ырчы болуп кетет деп күткөн эмесмин. Ал эми бийге келгенде классташтарынын бардыгы бийлеп жатса дагы балам бийлебей обочорокто карап тура берер эле.
– Кимиңиздер ырга жакын элеңиздер?
– Аккордеондо ойноп обон созуп ырдаган таежеси мектепте музыка сабагынан берчү эле. Ошол таежесине кошулуп ырдап калганын көрчүмүн. Атасы да жакшы ырдайт, бирок ырдан да адабиятка жакын, китепти көп окуган адам. Ѳмүр бою колхоздо айдоочу болуп иштегенине карабай китеп көрсө эле балдарыма кереги тиет деп сатып алып үйгө жыйнап коё бермей адаты бар болчу. Ошонун таасириненби, балдарыбыз илимге умтулган, билим алууга тырышкан аракетчил балдардан болуп чоңойду.
– Түмѳнбай балаңыз мектепте кандай окуду?
– Балам мектепте жакшы окуп башка балдарга үлгү болду. Ал тургай 9-10-класстан тарта калем алып ыр чыгарып, чакан аңгемелерди жазып баштады. Анын таланты бар экенин байкаган мектеп мүдүрү балам 11-классты бүтөр жылы: «Улуу балаңды окуткан жоксуң. Эми жок дегенде Түмөнбайды окут. Сен окутпасаң өзүм окутам», – деп үйгө чейин келген эле. Балдарым менден алыс кетсе эле кырсыктап калчудай корккон жаным агайы келгенде сыртымдан «макул» дегеним менен айткан сѳздѳрүн кулак сыртынан кетирип койгом. Окуу жылы аяктап калганда Түмөнбайым «Бишкектен окуп журналист болом» деп шаарга кетүүгө камынып баштады. Камылгасы катуу экенинен айтканынан кайтпасына кѳзүм жетип «анда мугалим бол» дедим. Биз менен айтышып-тартышып жүргөн балам бир күнү эртең менен үйдөн чыгып кетти. Биз акчаны дайым бир жерге бекитер элек. Аны балам дагы билчү. Түмөнбай кечигип жатканынан баягы акчаны карасак ордунда жок. Бекиткен акчаны бизге көрсөтпөй алып, Бишкекке окууга кетип калам деп ойлогон окшойт. Бирок «ата-энемдин тилин алайын» дедиби, жарым жолдон кайра кайтып келиптир. Бизди билбей калды деди окшойт, акчаны акырын ордуна коюп коюптур. Ошентип, биздин тилибизди угуп Оштогу окуу жайдын мугалимчилигине тапшырды. Кээ бир ата-энелерге окшоп Түмөнбайдын документтерин чогултуп ал үчүн чуркаган жокбуз. Балам өзү эле барып окууга тапшырып келип калды.
– Түмөнбай балдарыңыздын канчанчысы?
– Жети балам бар. Улуулары катары менен үч кыз. Алардан кийин төрт уулум бар. Түмөнбай уулдарымдын экинчиси. Балдарымдын бардыгы үй-бүлө күтүп күтүшкѳн. Бардыгы бала-чакалуу болуп өзүнчө эле чоң шаарбыз.
– Башка бир туугандарынан кайсы сапаты менен айырмаланып турат?
– Түмөнбай башка балдарыма салыштырмалуу эл менен аралашып, кичинесинен эле өзүн чоң кишилердей алып жүрчү. Үйгө конок келгенде Түмөнбай алар менен кошо этекке олтуруп калса сыртка кууп чыгар элем. Менин сыртка чыгарып коёрумду билген балам кийин коноктор менен аралашып алардын ортосуна олтуруп алчу болду. Алардын сөздөрүн тыңшап, билбегендерин сурап кудум чоң кишилердей маектешчү. Көрсө, сөз баккан балам ошол кезде эле баарын байкап, баарын билүүгө аракет кылчу экен. Мындан тышкары ал эстүү жана чыйрак бала болуп чоңойду. Аябай жоопкерчиликтүү болгондуктан берген тапшырманы убагында аткарып, аткара албай жатса колунан келбей жатканын айтчу.
– Тентектик кылып таяк жеген учурлары болгондур?
– Негизи менин балдарым ашынган тентек болгон жок. Түмөнбай таң атканда кетип кечинде бир туугандары кошуналардын үйүнөн эрчитип келген учурлар болгон. Бул учурда атасы экөөбүз тең аны ур-токмокко алган жокпуз. Негизи эле балдарымдын бирин дагы таяк менен уруп же кыйкырып урушкан жокмун. Болгону сөз менен жай олтуруп алып түшүндүрөр элем. Менин балдарыма ошол жай айткан сөзүм эле жетиштүү болчу.
– Балаңызга Түмөнбай ысымын ким койгон?
– Атасы балам дагы чыгармачыл инсан болсун деген ниетте ырым кылып балабыздын атын акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун атынан деп койгон. Кудай атасынын тилегин берип балам акын, обончу жана аткаруучу болуп калды.
– Балдарыңыздын ичинен бир эле Түмөнбай ырдайбы же..
– Балдарымдын бардыгы ырдайт. Өзгөчө Түмөнбайдан улуу агасы: «Сага караганда мен жакшы ырдайм. Болгону өзүмдү жумушка арнап коюп ырдай албай калбыдымбы», – деп тамашалап калат. Балдарымдын башы бирикенде Түмөнбайдын чыгарган обондорунун бирин дагы калтырбай созолонтуп үйдү жаңырта ырдашат. Ырдабаса дагы атасы экөөбүз балдарыбыздын дени сак аман-эсен жаныбызда олтурганын көргөндө Кудайга шүгүр кылабыз. Жашоодо мындан артык бакыт болбостур.
– Анын жубай тандоосуна сиз кийлигиштиңизби?
– Негизи эле балдарымдын жашоосуна кийлигишип, аларга жол көрсөтө бергенди жактыра бербейм. Үй-бүлө күтүүгө жарап калган бала өзү билгендей акыл калчап жашашы керек. Мен болгону алардын күлкүсүнө ортоктош болуп, жакшылыктарына кубанып жүргөндү каалап, балдарымдын жашоосуна сырттан гана көз жүгүртүп байкап коём. Эгер туура эмес иш кылып жатканын байкап калсам сөз менен түшүндүрүп айтам. Баламдын жар тандоосуна кийлигишкен жокмун. Балдарыма жагып, алар менен жашоого бел байлаган келиндериме бир да жолу кайненелигимди көрсөткөн жокмун. Балам бактылуу болсо мен бактылуумун. Түмѳнбайымдын келинчеги да үйгө карамдуу, адамгерчиликтүү, эң негизгиси жолдошун түшүнүп ар тараптан колдоп жашаган акылдуу аял.
