Кочкор – Макмал темир жолунун курулушу 2027-жылдын жазында башталышы мүмкүн
Кочкор – Макмал темир жолунун кийинки бөлүгүнүн курулушун 2027-жылдын жазында баштоо пландалууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда адистер темир жолдун трассасын даярдоо иштерин аяктап, жер тилкелерине жана тиешелүү документтерге байланыштуу маселелерди чечип жатышат.
«Эгер жер маселелеринин баары чечилсе, курулуш иштерин келерки жылдын март айынан тарта баштоону пландап жатабыз», — деди Жумабаев.
Балыкчы – Кочкор темир жолу өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган ички темир жол каттамын түзүүнүн биринчи этабы катары каралууда.
Келечекте каттамды Кочкордон Макмалга чейин узартып, ал жерден Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна туташтыруу пландалууда.
Жумабаев белгилегендей, темир жолдун багыттарынын бири катары тоолуу тилкеден тоннель куруу мүмкүнчүлүгү да каралып жатат.
Трассанын акыркы багыты техникалык жана долбоордук эсептөөлөр аяктагандан кийин аныкталат.
