Төрөт учурунда аялдын жанында өзү толук ишенген адамдын болушу маанилүү
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь

Төрөт учурунда аялдын жанында өзү толук ишенген адамдын болушу маанилүү

Төрөт учурунда аялдын жанында өзү толук ишенген адамдын болушу маанилүү. Бул тууралуу «Радиоклиника» программасынын эфиринде төрөткө даярдоо боюнча тренер, доула Махабат Алиева билдирди.

Анын айтымында, төрөт учурунда аялга сөзсүз эле жолдошу шерик болушу шарт эмес. Төрөт үйүнүн эрежелери уруксат берсе, жакын тууганы же алдын ала даярдыктан өткөн башка адам да колдоо көрсөтө алат.

Шериктин негизги милдети — төрөт учурунда аялга эмоционалдык колдоо көрсөтүү жана күнүмдүк керектөөлөрүнө жардам берүү.

Алиева шерик медициналык кызматкерлерди алмаштырбай турганын жана дарылоо боюнча чечимдерди кабыл албашы керектигин белгиледи.

Ошондой эле ал болочок ата-энелерге төрөт учурунда аялдын жанында ким болорун жана кандай колдоо керектигин алдын ала сүйлөшүп алууну сунуштады.