Кыргызстандагы окуучулардын 70%дан ашыгы PISA боюнча үч предметтен базалык деңгээлге жете алган эмес
Сүрөт ачык булактардан алынды
9 сентябрь

Кыргызстандагы окуучулардын 70%дан ашыгы PISA боюнча үч предметтен базалык деңгээлге жете алган эмес

PISA-2025тин жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы окуучулардын 70,9%ы окуу, математика жана табигый илимдер боюнча бир убакта экинчи деңгээлден төмөн жыйынтык көрсөткөн.

Бул билим берүү системасында окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун базалык деңгээлине жетүү көйгөйү дагы эле олуттуу экенин көрсөтөт.

Ошол эле учурда үч багыттын жок дегенде бирөөсү боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жеткен окуучулардын үлүшү 0%ды түзгөн.

Салыштыруу үчүн, Казакстанда базалык деңгээлге жетпеген окуучулардын үлүшү 41,1%, Монголияда – 38,6%, Малайзияда 42,3%ды түзгөн.