Кыргызстандыктардын дээрлик жарымы акчасын үйдө сактоону туура көрүшөт
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн эресеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугун үчүнчү улуттук изилдөө боюнча ишин аяктады.
2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, өлкөдөгү финансылык сабаттуулуктун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Бул 2023-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) эл аралык изилдөөсүнүн маалыматы боюнча, Венгрия, Италия жана Литва сыяктуу жогорку кирешелүү бир катар мамлекеттердин окшош көрсөткүчтөрүнөн жогору.
Негизинен, финансылык билимдер секторунда өсүш катталды, алардын деңгээли төрт жылда 10 пайызга жогорулады. Бул калктын негизги экономикалык түшүнүктөрдү жана инструменттерди түшүнүү деңгээли жакшырганын билдирет. Мындан тышкары, финансылык иш-аракеттин көрсөткүчү 3 пайызга өсүп, 69 пайызга жетти, бул жарандардын көпчүлүгүнүн каражаттарын бөлүштүрүүгө сарамжалдуу мамиле жасап жатканын далилдейт.
Ошол эле учурда, респонденттердин узак мөөнөттүү финансылык маселелерге карата мамилесин субъективдүү баалоо болуп саналган финансылык каражаттарга карата мамиленин көрсөткүчү 8 пайызга төмөндөдү. Бул динамика жарандардын көпчүлүгү узак мөөнөттүү финансылык багыттарды жана пландарды түзбөстөн, учурдагы муктаждыктарга көңүл буруп жатканын, же болбосо финансылык жактан белгисиздик жагдайга туш болуп жатканын көрсөтөт.
Негизги параметрлерден тышкары, изилдөө финансылык бакубаттуулук, финансылык туруктуулук, санариптик финансылык сабаттуулук жана финансылык жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрүн да камтыйт.
