Ала-Бука районунда беш жылда 51 объект пайдаланууга берилген
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Ала-Бука районунда беш жылда 51 объект пайдаланууга берилген

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-бука районунда 2021–2026-жылдары райондо 51 объект пайдаланууга берилген. Бул тууралуу 25-октябрда президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышкан кезде айтылды. 

Маалыматка ылайык, алардын катарында :

  • жети мектеп,
  • сегиз бала бакча,
  • эки оорукана,
  • эки фельдшердик-акушердик пункт,
  • эки спорт залы,
  • үч административдик имарат,
  • музей комплекси,
  • эки эс алуу паркы,
  • алты кызматтык үй,
  • эки көпүрө,
  • эки маданият үйү,
  • мини-футбол үчүн 11 аянтча бар.

Учурда Кара-Үңкүр айылында демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин мектепти жана балдар искусство мектебин пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.