Эмгек кодексине өзгөртүү кириши мүмкүн: пенсия курактагы мугалимдер жаштарга орун бошотушу керек
Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен болгон жолугушууда Эмгек кодексин өзгөртүүнү сунуштады.
Ага тургун кайрылып, пенсия жашындагы адамдар жаштарга орун бошотпой жатканын, мындай көрүнүш мектептерде жана башка мамлекеттик мекемелерде да бардыгын билдирди.
Агартуу министри Кендирбаева мындай маселе мугалимдердин айлык акысы көбөйгөндөн баштап күчөдү деп эсептейт.
“Биз аларды кетире албайбыз, анткени алар мамлекеттик кызматкер эмес, Эмгек кодекси аларды коргойт. Пенсия курактагы мугалимдердин арасында 70 жашка чейинкилер бар. Эки муундун ортосунда тиреш катуу болуп жатат. Биз жаш курагың келип калды деп кетирген учурда дагы, Эмгек кодексине таянып, сотко берип, кайра калыбына келтирип алган учурлар көп”, - деди министр.
Ал мындай абалдан чыгуу үчүн Эмгек кодексин өзгөртүүнү сунуштады.
Президент жаштар үчүн Эмгек кодексти өзгөртүүгө макул экенин билдирди.
“Бул багытта Жогорку Кеңеш менен иштегиле, анан алып келгиле. Кодексти өзгөртөлү”, - деди Садыр Жапаров.
